Коом
Ысык-Көлдө изделип жаткан 22 жаштагы жигит аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Т.Э. аттуу жаран Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылана бара жаткан жеринен РИИБдин кызматкерлери тарабынан табылган.
Белгилей кетсек, 24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийим, баштыкча табылган. Издөө иштерине 21 куткаруучу, 19 милиция кызматкери жана суучулдар тартылган.



