Мындан ары коронавирустан коркпой эле койсо болобу? Эпидемиологдун жообу

Эпидемиолог “мындан ары коронавирустан коркпой эле койсо болобу?” деген суроого “ал деле башка курч респиратордук-вирустук инвекциялар (КРВИ) сыяктуу эле болуп калат” деп жооп берген.
“Сасык тумоо өзүн кандай болорун көрүп жатабыз, биздин жашообузда көптөн бери бар. Ал дагы мутацияга жөндөмдүү. Тумоологондо катуу кыйналган адамдар көп кездешет, өлүмгө дуушар болгондор да болот. Ошондуктан келечекте COVID-19 өзүн кандай көрсөтөрүн так айтуу кыйын. Эгерде адамдын иммунитети начар, өнөкөт оорулары бар болсо, кайсы инфекция болбосун аны оор өткөрөт”, — деди Оторбаева.
Ошондой эле ал өлкөдө коронавирус боюнча абал туруктуу, жума сайын аздан гана учурлар катталып жатканын белгилеген. COVID да акырындык менен КРВИнин тобуна кирет деген божомолун айткан.
Аны менен катар дарыгер вакцина алуу оорунун өрчүп кетишинен, өлүмгө алып келүүчү кесепетинен коргой турганын эскертти. Андыктан жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.



