Коом

Айдоочу көңул бур! Өлкөдөгү ашууларда кар жаады

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар.

Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.

Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button