Коом

УКМК: Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басарынын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталды

УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.

 Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.

 Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button