Коом

Кыргызстанда кайра айыл чарба кооперативдери пайда болот

Кыргызстанда кайра айыл чарба кооперативдери пайда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, дыйкандарды бириктирүү аракети көрүлөт.

«Садыр Нуркожоевич, элди жана жерди бириктирейли деп жатат. Кооперативдердин механизми иштелип чыгат. Дыйкандар бириксе аларга жайыт жерлери берилет. Кооперативдерге сугат мезгилинде суу дагы биринчи болуп бөлүнөт. Бул алар үчүн умтулууга шарт болот», — дейт ал.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, дыйкандар биригүү менен айыл чарба тармагына бөлүнгөн насыя ала алышат.

Аткаминер жайыт комитеттери жоюлгандан кийин жерлери айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп берерин айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button