Наалыбаңыз! Жашоону жеңилдетип, өзгөрүүнү каалагандар үчүн адистин кеңеши

Адамдын бакубат жашоосу үчүн бир нече кадамдар бар. Өзүңүздү күнөөлүү сезбей, алдыга жыла бериңиз. Андыктан, сиздин жашоого карата адатыңызды өзгөртө турган адистин кеңешин окуңуз.
1. Телевизор көрбөңүз. Эч качан. Бул сиздин кыялдарыңызды ишке ашырууда тоскоолдук жаратат. Виртуалдуу жашоо менен эмес, чыныгы жашоодон үйрөнүңүз, жакшы жашоого аракет кылыңыз. Жалкоо болбо.
2. «Эч нерсеге карабай жыла бер» деген сөз бар. Байкап көрүңүз, бул жардам берет. Жашоодогу тоскоолдуктарга көңүл бурбаңыз, алдыга гана кадам таштаңыз.
3. Сизге идея келдиби? Аны дароо жазып кой. Себеби, жазылган идея сөзсүз ишке ашат.
4. Кечигип калдыңызбы? Бул тууралуу эскертүүнүн жолун табыңыз. Кайдыгер болбоңуз, бул жоопкерчиликти билгизет.
5. Башкалардын кыялдарына күлбө. Себеби, сизде да ошондой эле кыялдар бар.
6. Сизди сатып кеткен адамдарга кайра кайрылбаңыз. Алар өзгөрбөйт. Кайра да сатып кетет.
7. Ата-энеңиз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз — алар кеткен учур дайыма күтүүсүздөн келет. Кийин өкүнүп каласыз.
8. Сыпайылык шаарларды багынтат. Аны көп колдонуңуз. Ар дайым сыпайы болуңуз. Бул сиздин деңгээлиңизди көрсөтөт.
9. Өзүңүздүн катаңызды моюнга алганды билиңиз. Күнөөнү башкадан издебеңиз. Бул сизди мындан ары да өсүүгө жардам берет.
10. Дайыма арыздануу адатын таштаңыз. Башкалардын көйгөйү эч кимди кызыктырбайт. Андыктан, наалыганды токтотуңуз.
11. Ушак таратпа. Себеби, сиз тууралуу да ушак тараткандар бар экенин эстен чыгарбаңыз.
12. Түшүнүксүз кырдаалдарда дайыма төшөккө жатыңыз. Кандай гана кырдаал болбосун, «бул да өтөт» деп эстеп калуу пайдалуу. Бардык нерсе убактылуу экенин эстен чыгарбаңыз.
13. Олуттуу чыр болсо да жакын адамдын нервине тийгенге аракет кылбаңыз… Акыры элдеше турган болгон соң жагымсыз сөздөр көпкө чейин унутулбайт жана эсте калат…
14. Чындыкты айт, анан эч нерсени эстеп калбайсың. Жалган айтсаңыз аны унутуп калышыңыз мүмкүн. Ал эми чындык унутулбайт.
15. Күндүн башында эң оор жана жагымсыз ишти кылыңыз. Анткени күндүн экинчи жарымында чарчап, оор иштерди жасагыңыз келбей калат. Аны бүтүргөндөн кийин, калган күнү сизди керексиз ойлор жеңбейт.
16. Эч ким. эч кимге эч нерсе карыз жана милдеттүү эмес. «Керек» деген сөздү унут. Активдүү лексикадан алып салыңыз. Болбосо чындап эле карызга батып кетесиң, материалдык гана эмес, моралдык да. Болгону жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңе гана милдеттүү экениңди унутпа!
Булак: Интернеттен алынды