Коом
11-декабрга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…-5, Таласта -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -2…+3, Ысык-Көл жеринде 0…-5, Нарын облусунда -5…-10 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1…-3, Ош шаарында 0…-2 градусту көрсөтөт.



