Саясат

Кыргызстан менен Россия аскердик жана техникалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана республиканын аймагында Россиянын аскердик объектилерин өнүктүрүүгө даяр

Бул тууралуу президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.  

“Кыргызстандын коопсуздугун жана эгемендигин коргоону камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык террористтик уюмдардын мүмкүн болгон куралдуу кол салууларына каршы туруу зарылчылыгы баса белгиленет. Мамлекет башчылары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого жана анын аймагында жайгашкан россиялык аскердик объектилерди өнүктүрүүгө көңүл бурушту”, — деп айтылат маалыматта.  

Президенттер өлкөлөр эл аралык терроризмге, диний экстремизмге, кылмыштуулуктан түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана башка ушул сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташтыкты чыңдоону улантып жатканын белгилешти.  

Мындан тышкары, билдирүүдө маалыматтык жана биологиялык коопсуздук тууралуу да айтылган.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button