Салык кызматы шылуунчулуктун жайылып жаткан түрү тууралуу айтты

Мамлекеттик салык кызматы шылуунчулуктун жайылып жаткан түрү тууралуу айтып, коңгуроо кагууда.
«Акыркы убакта белгисиз адамдар салык төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды расмий маалымдама катары көрсөтүүдө. Сак болууга чакырабыз», — деп айтылат эскертүүдө.
Салык кызматы төмөнкүлөрдү эске салды:
-расмий билдирүүлөр почта аркылуу же «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу гана жөнөтүлөт;
-МСК WhatsApp, Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жибербейт;
-салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттерге акча которууну талап кылбайт.
Эгер шектүү билдирүү келсе:
-кооптуулук жараткан шилтемелерди ачпаңыз;
-жеке маалыматтарыңызды, сыр сөзүңүздү, SMS-кодуңузду жана банк карталарыңыздын реквизиттерин бербеңиз;
-белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;
-маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып, тактаңыз;
-маалымат алуу үчүн 116 номерине чалыңыз.
Салык боюнча карыздардын бар-жогун «Салык төлөөчүнүн кабинети», ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыкчам текшерүүгө жана төлөм жүргүзүүгө болору айтылды.



