Балыкчы шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулууда

Ысык-Көл облусунда фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Балыкчы шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория куруп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, лабораториянын курулушуна, ошондой эле жабдууларды, кеңсе техникасын жана эмеректерди сатып алууга жалпысынан 350 миң АКШ доллары бөлүнгөн.
Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин директору Максат Кочеров Ислам өнүктүрүү банкынын жана «ЮниХелп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө департамент менен «ЮниХелп» компаниясынын ортосунда лабораториялык жабдууларды, кеңсе эмеректерин жана оргтехниканы сатып алуу жана жеткирүү боюнча 14 миллион сомдон ашуун суммага келишимге кол коюлду.
Бул карантиндик фитосанитардык лабораториянын курулушу Ысык-Көл жана Нарын облустарында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Лаборатория карантиндик зыянкечтерден келип чыгуучу чыгымдарды азайтууга гана эмес, табигый ресурстарды коргоо аркылуу аймактын экономикасын чыңдоого да шарт түзөт. Заманбап лаборатория айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга, токой ресурстарын сактоого жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга ишенимдүү курал болот.



