Коом

Бишкекте изделип жаткан үч бир тууган Ысык-Көлдөн табылды

Милиция кызматкерлери Бишкекте изделип жаткан балдарды табышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2009-жылы туулган М.Р., 2012-жылы туулган М.М. жана М.И. Ысык-Көл облусунун аймагынан аман-эсен табылды.

Эскерте кетсек, 24-февралда Б.А. аттуу шаардын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек балдарын табышууга жардам сураган. Анын айтымында, балдар жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button