Окуялар
Бишкекте батирден кемпирдин сөөгү табылды

Бишкекте батирден кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1936-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



