ВИДЕО: Ысык-Көлдүн «Акун» пансионатында тазаланбай жаткан таштандылар аныкталды

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жайкы туристтик мезгил убагында эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түздөн-түз функционалдык милдеттеринен тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын аткаруу боюнча жа иштерди тынымсыз жүргүзүп келишүүдө.
Алып айтсак, 22-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери «Акун» пансионатынын аймагында таштандылар ташталып жаткан фактыны аныкташкан. Бул факт Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, пансионаттын администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 токтому менен бекитилген, Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесинин 7-бөлүмүнүн (Аймактарды абаттоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, санитардык тазалоо) 30 жана 42-пункттардын талаптары аткарылбагандыгы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине (Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу) ылайык, «Акун» пансионатынын администрациясын жоопкерчиликке тартуу максатында, чогултулган материалдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органына өткөрүлүп берилди, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.



