Коом

УКМК: XIX кылымдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Нүзүп Аталыктын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектин Орок айылында XIX кылымдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Нүзүп Аталыктын эстелигинин салтанаттуу түрдө ачылышы болуп өттү.

Салтанатка КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник К.Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Н.Тургунбек уулу, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев, жазуучулар, тарыхчылар жана шаар коноктору катышты.

Эстелик Жайыл Баатыр, Б.Алыкулов жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Эстеликтин автору скульптор Сейит Калбаев. Бийиктиги 5,8 метрди түзөт, постаментинин бийиктиги 7 метрге жетет.

 Аталган иш-чара тарыхый инсан Нүзүп Аталыкка арналган театралдаштырылган оюн-зоок программасы  менен ачылды.

Маалымдама:

Нүзүп Аталык (1794-1844) — белгилүү мамлекеттик ишмер жана XIX кылымдын аскер башчысы, Аксы аймагында туулган. Ал кыргыздардын ичинен биринчи болуп » Миң башы» аскердик наамына жеткен. Ар кандай маалыматтар боюнча Нүзүп Эсенбай уулу 1794-жылы (башка варианттарда 1796-1798-жж.) Аксы районундагы Афлатун айылында туулган. Атасы Эсенбай Кокон хандыгынын тушунда көрүнүктүү роль ойногон кадыр-барктуу, таасирдүү адам болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button