Кыргызстандын тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 1-3-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар:
— Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
— Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357 чак. (Кызыл-Бел ашуусу);
— Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чак. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу).
«Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.



