Коом
Ошто видебайкоо аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

2024-жылдын 10-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында ИИМдин ыкчам башкаруу борборуна туташтырылган видеокамералардын жардамы менен 2019-жылдын бери мамлекет аралык издөөдө жүргөн Ш.Н. аттуу жаран аныкталып кармалган.




