Коом

15-мартты Аталар күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Аталар күнүн негиздөөнү демилгеледи. Ал иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Максаты — коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын белгилөө, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоо жана эркектин жоопкерчилигин жогорулатуу. Долбоор боюнча 15-мартта майрамдалат, бирок дем алыш күн болуп саналбайт.

«Аталар күнү балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө жигердүү катышып жаткан аталарды даңазалоого мүмкүндүк берет. Мындай колдоо бала тарбиялоо эненин гана милдети деген стереотиптерди жоюуга өбөлгө болот. Ата менен уулдун ортосундагы эмоционалдык байланышты өнүктүрүүнү, сый-урматты калыптандырууну камтыйт», — деп жазылат маалыматтык негиздемеде.

Эл өкүлү аталарга арналган күн АКШ, Австралия, Италия жана Японияда майрамдаларын мисал келтирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button