Коом

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетүүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет, катуу шамал учурунда:

— унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
— көз айнек кийиниз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button