Милициянын көчмө кабылдамасы Боз-Учук айылынын тургундарын кабыл алды — ФОТО

Бекитилген графиктин негизинде, Ак-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы аймактын тургундарын үзгүлтүксүз кабыл алып келүүдө.
Милиция кызматкерлери, райадминистрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте, бул жолу мамлекеттик административдик мекемелерден жана уюмдардан жыйырма беш чакырымдай алыстыкта жашаган Боз-Учук айылынын тургундарын кабыл алышты.
Укук тартибин жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча гана эмес, социалдык мүнөздөгү башка маселелер боюнча да жарандардын кайрылуулары кабыл алынды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө, райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү аймактык бийлик органдарынын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери тарабынан айыл тургундары менен исламдын салттуу баалуулуктарына карама-каршы келген көз караштардын жайылышынын негизги учурлары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.







