Маданият министрлиги жетекчилик кызматка чакырат. Талаптары

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бош кызмат орундарга сынак жарыяланганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине, Таластагы «Манас-Ордо» комплексине жана Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына башкы директорлор жумушка алынат.
Кызматка барууну каалагандар төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:
гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими;
тиешелүү жаатта иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт;
илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.
«Сулайман-Тоо» жана «Манас-Ордо» комплекстерине жумушка орношууну каалагандар документтерин Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 20-августуна чейин тапшырышы керек. Ал эми Бишкек хореографиялык окуу жайына башчы болууну каалагандар документтерин 26-августка чейин тапшырса болот.
Байланыш телефону: +996 312 662683.



