Коом

Бишкекте кулаган тик учак. Жабыркаган аскерлердин абалы айтылды

Бишкектин батыш тарабында кулаган Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учактан жабыркаган эки аскердин толук айыгышына бир жылдай убакыт керек. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов билдирген.

Анын айтымында, учкуч-методисттин көп жери сынган.

«Анын толук сакайып кетишине болжол менен жарым жылдай, экинчисине бир жылдай убакыт керек. Биздин жана Түркиянын хирургдары бутун кеспей эле койсо болорун айтышты. Бирок ага бир нече операция керек. Айтор, жыйынтыктар жакшы эле», — деген Мукамбетов.

Ал аскерлер бутуна туруп кетиш үчүн медиктер колдон келген аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда №23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулап түшкөн. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган.  

Булак: Sputnik Кыргызстан агенттиги

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button