Коом
Баткенде бычактан жараат алган өспүрүм кыз каза болду

Окуя 15-апрелде болгон. Саат 21:05 чамасында облустук ооруканага эки жерине бычак жеген 16 жаштагы кызды алып келишкен. Тилекке каршы, ал өзүнө келбей жарым сааттан кийин каза болгон.
Кызды ким алып келгени, ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук–медициналык экспертиза дайындалды.



