Коом
Сот Даниэл Ажиевдин апасына 5500 сом айып салды

Милициядан билдиришкендей, саат 14:45те Лексустун айдоочусу жаңы салынган Ак үйдүн дарбазасын атайын сүзгөн.
Сайкал Ажиева РИИБге жеткирилип, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.
Буга чейин сот аны коомдук жайда уят сөздөрдү айтканы үчүн айыпка жыккан.
Ажиева соцтармакта мамлекет алардын 3 батири, 2 үйү жана 4 унаасын тартып алганын билдирген. Ал келини үч кичинекей баласы менен бара турган жери жок экенин айткан.



