Коом

Кантта милициянын жаагын сындыра сабаган делип үч киши кармалды

Кант шаарында милиция кызматкерин сабады делген шектүүлөр колго түшкөнүн Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Кабарга ылайык, 14-апрель күнү саат 4:00дөр чамасында Кант шаарынын Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар бир адамды токмоктошкон.

Жабырлануучу жаагы сынып, ооруканага жаткырылган. Ал К.Р. аттуу 33 жаштагы Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүсү экендиги аныкталган.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Д.А. жана Э.У., 33 жаштагы И.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button