Коом

Ашуулардын жол каттамынын абалы туруктуу

Бүгүн өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул туурлуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошол эле кезде министрлик тарабынан 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.

«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button