Коом
«Унаа» ишканасы май майрамдарында кандай иштейт?

Маалым болгондой, мекеме 1, 2, 3 жана 5-май күндөрү иштебейт. 4-май күнү төмөнкү филиалдар саат 08:30дан 17:30га чейин ачык болот. 12:00ден 13:00гө чейин түшкү тамактануу.
Чокон Валиханов көчөсү, 2 дарегиндеги шаардык бөлүм — 0312 63-23-63.
«РИОМ-Авто» автоунаа базарында аймактар аралык бөлүм — 312 46-39-10.
Ош шаарындагы «Жапалак» автобазарындагы Ош-2 сектору.
Эске салсак, 1-5-майга чейин Кыргызстанда эс алуу күнү.



