Коом

Токтогулда мал уурулук менен алектенген “капитан” шектүү катары кармалды

2024-жылдын 25-апрелинен 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында беш факты мал уурулук учурлары орун алып, ал боюнча топтолгон материалдар РИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205*1–беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иштери козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Тергөөнүн жүрүшүӊдө жалпысынан бул мал уурулук фактыларынын натыйжасында 5 баш уй, 1 баш жылкы уурдалып, жабырлануучуларга – 300 000 (үч жүз ) миӊ сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган.

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан өзүн “Бишкек шаарынын 1-Май райондук милициясында иштейм” деп элдердин ишеничине кирип, милициянын формасын кийип жана ок атуучу куралы менен жүргөн жеринен шектүү катары Токтогул районунун 1994-ж.т. тургуну А.У. кармалып тергөө кызматына камсыздалган.

Кылмыш ишинин алкагында 04.05.2024-ж. шектүү Токтогул районунун тургуну А.У. КРнын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, Токтогул РИИБдин УКЖна киргизилген.
Бүгүн 06.05.2024-жылы шектүү А.У. баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button