Дүйнө

Орусияда «чет элдик агент» аталган жаранга шайлоого катышууга тыюу салынды

Орусияда «чет элдик агент» деп жарыяланган киши бир дагы шайлоого катыша албай турган мыйзам жактырылды. 6-майда Мамлекеттик дума тийиштүү мыйзам долбоорун экинчи жана ага удаа үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Залда отурган 409 депутаттын баары мындай сунушка «макул» деген добушун берди.

Бул мыйзамга ылайык, Юстиция министрлигинин «чет элдик агенттер» реестрине жана экстремисттик же террористтик уюмдун ишине байланышы бар деп таанылгандардын реестрине кирген адамдардын баары бардык деңгээлдеги шайлоолорго талапкер же байкоочу, ишенимдүү өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл боло албайт.

Бардык деңгээлдеги депутаттар арасында аталган реестрлерге киргендер бар болсо, мыйзам иштей баштагандан кийинки жарым жыл аралыгында андан чыкпаса, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Орусиянын «чет элдик агенттер» реестринде 400дөн ашуун адам бар. Алардын көбү чет элде жашашат, бирок Орусияда жашагандары да көп. Бийлик бул тизмеге киргизүү менен жарандарынын укугун бузбай турганын, сырттан каржылануучу уюмдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү гана максаты бар экенин айтып келет.

«Чет элдик агент» тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында Орусиядан кийин Казакстанда кабыл алынган. 2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button