КоомОкуялар

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте бүгүн, 8-майда саат 11:20лар чамасында Чүй проспекти менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде Тез жардам кызматынын унаасы менен Toyota үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Жол кырсыгынын кесепетинен материалдык чыгым келтирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button