Коом

“Кыргыз автобекети” — Бишкектен Алматыга автобус каттай баштады

Бул тууралуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы маалымат таратты.

Автобус күн сайын саат 8:00, 10:00, 12:00, 14:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен жолго чыгат.

Билеттин баасы 600 сомду түзөт жана аларды beket.kg сайтынан же автобекеттин кассасынан алууга болот.

Алматыдан Бишкекке автобустар ошол эле сааттарда чыгат. Билет баасы 3000 теңге.

Мындан тышкары, Батыш автобекетинен Бишкек-Ташкент, Бишкек-Джизак, Бишкек-Красноярск, Бишкек-Тюмень, Бишкек-Артуш жана Бишкек-Кашгар эл аралык каттамдары боюнча автобустар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жакынкы аралыкта Бишкек-Самарканд каттамы ачылуу алдында турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button