Коом
Министрлер кабинети чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутантуу аракетин кескин айыптайт

Эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтар жалган.
Укук коргоо органдары мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Күнөөлүүлөр аныкталып, жоопко тартылат.
Бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Элибиз эзелтен белгилүү болгон достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет.
Бийлик коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрдү. Укук коргоо органдары коомдук тартипти бузууга аракеттенгендерди токтотот.



