
Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар электр мешинен чыккан иске ууланган. Тагыраагы, алар үйүн жылытуу үчүн эки электр мешин иштетип жаткан, бир убакытта токко күч келип, электр чубалгысы үзүлгөн. Үй ээси ошол электр чубалгысына урунуп каза болгону айтылды. Ал эми калгандары иске ууланган дешти.
Кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы күйөөсү, 36 жаштагы аялы, алардын эки уул, бир кызы жана үй ээсинин агасынын баласы каза болгон. Трагедия 29-декабрда болгон.
@user2



