Бакиевдин президенттик төш белгиси 14 жылдан кийин Тарых музейине тапшырылды

2010-жылкы төңкөрүш учурунда Акүйдөн президенттин төш белгисин алган жаран аны Улуттук тарых музейине тапшырды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Тынчтыкбек Аметов жана музейден ырасташты деп жазды аталган сайт.
Тынчтыкбек Аметов 18-май күнү музейдин жетекчилигине өткөрүп бергенин билдирди.
Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык төш белгини 2010-жылы төңкөрүш учурунда Акүйдөн алган.
“Акүйгө кирип барганда айнек текчеде кутучада президенттин төш белгиси турган экен. Мен алып чөнтөкө салып койдум”, — дейт Тынчтыкбек Аметов.
Ал төш белгини 14 жыл бою сунушталган чоң суммадагы акчага дагы саткан эмес.
“Мен он төрт жыл бою сары майдай сактап жүрдүм. Көп киши сурап, 5-10 миң доллар сунуштагандар болду. Ал алтын менен күмүштөн жасалган экен. Сатпай койдум”, — дейт ал.
Булак: Reporter.kg



