Коом
Улан Аалиев Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды

Буга чейин Аалиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Аалиев 2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кызматынан бошотулган. Бирок Жогорку Соттун чечими менен иш кыскартылып, ага карата мурда коюлган бардык айыптар боюнча реабилитацияланган.



