“Ак-Ордо-3” конушундагы эки киши өлтүрүү боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкты

Айыпталуучунун айтымында, тоноо үчүн үй кокусунан тандалып алынган
Бишкектеги “Ак-Ордо-3” турак-жай комплексиндеги резонанстуу эки киши өлтүрүү боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду.
Кылмыш болгон жерден табылган кызыл кепка чындыгында ак экенин «Sputnik» маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар билдирди. Ал толугу менен канга боёлуп калган.
Айыпталуучу ошондой эле тоноо үчүн үйдү тандоо кокусунан болгонун айтууда. Ал түнкү саат 20:00 чамасында турак жай комплексине келип, таңкы саат 3:30 чамасында имаратка кирип кеткен. Кылмышка шектүү адам өлтүрүлгөндөн кийин жатаканага барып, эртең менен Ысык-Көлгө кеткен. Ал бычакты Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Кармалган жаран кылмыш болгонго чейин эки жума мурун Чолпон-Ата шаарында официант болуп иштеп, жумушун таштап, Бишкекке келген. Бул убакта ал жатаканада жашаган.
Эскерте кетсек, 3-октябрга караган түнү Бишкек шаарындагы жеке менчик үйлөрдүн биринде 34 жаштагы кишини жана анын 36 жаштагы эжесин өлтүрүп кетишкен; экөө тең бычактан көптөгөн жаракаттарды алышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, 19 жаштагы И.С. ошол түнү алардын үйүнө тоноо максатында кирип, жашоочулар каршылык көрсөткөндө экөөнү тең өлтүрүп салган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам кылмышты кантип жасагандыгы боюнча көрсөтмө берген. Өлтүрүлгөн адамдын жубайы да анын өздүгүн аныктаган.



