ИИМ: Улан Ниязбеков Интерполдун Президенти Ахмед Насер аль-Раиси менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Интерполдун Президенти Ахмед Насер аль-Раиси менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Улан Ниязбеков онлайн жолугушууда Интерполдун трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүүдө, унаа уурдоо жана кылмышкерлерди издөөдө негизги уюмдардын бири болгон эл аралык аренадагы маанилүү ролун белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Интерпол Улуттук Борбордук бюросунун ишмердүүлүгү географиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин Интерпол эгидасы алдында эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган эл аралык долбоорлорго катышуусун активдештирүү менен белгиленүүдө.
Мындан тышкары, ИИМдин Интерпол тарабынан Интерполго мүчө өлкөлөрдүн кесиптештери менен жумушчу мамилелерди түзүү жана бекемдөө, Интерполдун маалымат базасына интеграциялоо боюнча иштер күчөтүлдү, бул өзүнүн жакшы жемиштерин берүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө тажрыйба алмашууну күчөтүү, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташуунун багыттары аныкталды.
Өз кезегинде Интерполдун Президенти Аль Раиси Кыргызстан ИИМдин Интерполунун жогорку дараметин белгилеп, өз ара аракеттешүүнүн чектерин мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.
Онлайн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында Борбордук Азия үчүн Интерполдун аймактык кеңсесин ачуу маселесин, ошондой эле ИИМдин өкүлдөрүнүн Интерполдун Штаб-квартирасында иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.



