Коом
Бишкек ЖЭБинде кышка даярдык 80 пайызга аткарылды

«Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине карата жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды.
Негизги көңүл ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга бурулууда.



