Өлкөдө 15 миңге жакын бүлөгө азык-түлүк таратылат

Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жарым тоннага жакын тамак-ашты гуманитардык жардам катары берди. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Мунун 473,2 тоннасы байытылган ун, 67,5и тазаланып, экиге бөлүнгөн буурчак экенин айтышты.
Расмий иш-чара Ош шаарында болуп, ага РФтин башкы консулу Роман Свистин, «Русский дом» борборунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалымат кызматынын адиси Алмаз Чороев азык-түлүк майыптыгы бар бүлөлөргө таратыла турганын кабарлады.
«Ар бир үй-бүлө 12,5 килограмм буурчак, 100 килограмм ун жана 10 литр күн карама майын алат. Ошондо 15 миң үй-бүлөгө көмөктөшөбүз. Бул жардам бекер таратылат», — деди ал.
Соңку маалыматтарга таянсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программаларын колдоого 118,5 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Белгилей кетсек, Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде РФ өкмөтү менен уюм өлкөдө шашылыш жардам, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырып келет.



