Кызыктар

Кайсы витаминдердин жетишсиздиги жаштыкка жана сулуулукка таасир берет?

Айымдардын дээрлик бардыгы жаштыгы жана сулуулугу узакка сакталышын каалайт эмеспи. Алар көбүнчө косметикалык процедуралардын жардамына кайрылышат. Бирок мында андай процедуралардан да маанилүү жагдай бар. Ал — витаминдердин жетишсиздиги. Айрым витаминдер организмде керектүү өлчөмдө болбосо теринин, чачтын, тырмактын ж.б. абалына таасирин берет. Ошондуктан косметологдордун кызматын пайдалануудан мурда организмиңизди иликтеп, кайсы витаминдер жетишсиз экенин билип, анын ордун толтурууга аракеттениңиз.

Төмөндө кайсы витаминдер жетишпесе, кандай белгилер болоору айтылат.

Темир — тери кубарат, шалбырайт, дайыма чарчаңкы абалда жүрөсүз, уйкуга көп тартат, баш оору күчөйт.

Цинк — чач түшөт, бетке безетки, кызыл тактар чыгат, шалдыроо, начар маанай дайым коштойт, тез-тез суук тийүү ооруларына кабыласыз.

Д3 витамини — салмак кошуу, целлюлит, депрессия, физикалык чыдамдуулук азаят, сөөктөр ооруйт.

Магний — тарамыштардын карышуусу, кыжырдануу, начар маанай, таттууга табиттин ачылышы, ашыкча салмак, безеткилердин чыгуусу.

Коэнзим — энергиянын жоктугу, бырыш түшүү, теринин начар абалга келиши, көңүл буруунун жана эс тутумдун начарлашы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button