Жан дүйнө сыры. Аялынан күйөөсүнө кат!

Редакциябызга дагы бир кат келип түштү. Адаттагы каттардан айырмаланып, бул ирет бактылуу турмуш, жолдошуна ыраазычылыгын айткан келиндин жан дүйнөсүндөгү сөздөрү жазылыптыр.
Жараткан менин турмуштук тагдырлашым кылган адамга! Жараткан менин тагдырымды байлаган, жүрөгүбүзгө сүйүү берген, бизди өзүнүн камкордугуна алган, бири- бирибизге сый-урмат жана боорукердик жасаган адамга!
Сурак күнүндө мен үчүн Аллах алдында жоопкерчилик алгандан коркпогон адамга! Иншааллах, сен менин өмүрлүк жолдошумсуң, сен менин бейишимдин ачкычысың! Сенин үйүңдө бейпилдик жана тынчтыкта жашаган, өзүмдү корголгон адам катары сезген, таарынычка, уруш-талашка орун жок менин сепилим! Мен кайда болбойун, бирок сенин сепилиңе келгенге шашам. Ар бир таңда сенин жаныңда уйкудан ойгонуп, Аллахка сени мага жолуктурганына ыраазычылык билдирем. Ар бир күнү сени менин балдарыма тамак таап келүүгө жөнөтүп жатканда, мүмкүн, бул менин сени акыркы жолу жөнөтүп жатканымдыр деп жүрөгүм кооптонот. Ар бир күнү сен эшикти жаап, сыртка чыгып кетериң менен сени сагынам жана кечинде сен кайрылып келип, мен сени кайрадан көргөнчө күтөм.
Сен менин бул жашоодогу таянычымсың, менин тайгак жолумдагы жолоочумсуң! Эгер мени менен саламдашпасаң, сенин көздөрүңдө тынчсыздануу пайда болуп, үнүң сенин мага кайдыгер эмес экениңди айтып турат. Эгер мага жардам же кеңеш керек болсо сен дайым даярсың, чексиз рахмат.
Эгер кокусунан сени нааразы кылсам, сен мени кечиргенче менде тынчтык жок жана ар качан сен мени кечиргенге өзүңдөн күч табасың. Ар дайым кичинекей уулуңду көтөргөнүңдө же кичинекей кызың менен ойногонуңда мен эрксизден сенин назик, жылмайыңкы көздөрүңдү сүйөм, менин балдарыма ушундай атаны насип кылгандыгы үчүн Аллахка шүгүрлөр келтирем жана өзүмдү аябай бактылуу эне сезем.
Ар дайым сен менин көздөрүмө тигиле карап, «Сени Аллах үчүн сүйөм» деп айтканыңда, мен Аллах бизге ырайым менен карап тургандыгын эстейм.



