Коом
Акылбек Жапаров: Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда 70 музыкалык мектеп оңдолот

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жыл аралыгында 70 музыкалык мектеп жаңыланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, мектептердин курулушу калктын маданиятын жогорулатып, жаш таланттардын кыялына жетүү жолунда жардам берет.



