КР Юстиция министрлиги Европалык пробация конфедерациясы менен макулдашууга кол койду
Европалык пробация конфедерациясынын (EPC) делегациясы 70тен ашык катышуучуларды – пробация кызматтарынын жетекчилерин жана дүйнөнүн булуң-бурчунан эксперттерди бириктирген Эл аралык пробация форумуна катышуу үчүн Бишкекке келди.
Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 13-майда Эл аралык форумдун алкагында юстиция министри Аяз Баетов менен ЕККУнун башкы катчысы Яна Шперо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Европалык пробация конфедерациясынын (ЕСК) ортосунда кызматташуу жана пробация кызматтарын чыңдоого багытталган Макулдашууга кол коюшту.
“Кыргызстан адам укуктары жаатында эң жогорку европалык стандарттарды алдыга жылдырган Европалык пробация конфедерациясы менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө кызыкдар. Бул кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум биздин өлкөдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана пробация системасын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калат деп ишенебиз”, — деп белгиледи министр А.Баетов.
Ошол эле учурда Кыргызстанда Пробация институтунун маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп түрмөлөрдө (абак аймагы) камалгандардын санынын олуттуу кыскарышы болду, ошондой эле заманбап технологиялар киргизилип жатат жана 27-майдан баштап пробациянын кардарларына электрондук билериктерди колдонуу же алардын телефондорун мобилдик тиркеме аркылуу системага туташтыруу «Электрондук көзөмөл» системасы ишке киргизилди.
Өз кезегинде эл аралык эксперттер төмөнкүлөрдү белгилешти, Кыргызстандын пробация системасы уникалдуу жана бир катар аспектилери боюнча дүйнөлүк деңгээлде үлгүлүү жана алдыңкы деп эсептөөгө болот.
Форумдун алкагында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Метал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Бул иш чаранын алкагында жергиликтүү ММК булактары менен атайын маалымат жыйыны өтүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Меморандумга кол коюу жана форумду өткөрүү демилгеси Европа Биримдиги менен биргеликте каржылануучу “Бардыгы үчүн сот адилеттиги” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор пробация системасын жакшыртууга жана кылмыш-жаза сот адилеттиги чөйрөсүндөгү маалыматты башкарууга багытталган.