Коом

Ысык-Көлдө суу кемелеринин жана скутерлердин ээлери текшерилүүдө

Облустук туристтик-экологиялык милициянын, Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте сууда жүрүчү катерлеринин жана скутерлердин ээлерин текшерип жатышат.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдагы 11-майындагы Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелерин сактоону камсыз кылууга багытталган.

Ысык-Көл районунун көл жээгинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 12 кеме билети берилип, сууда сүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 протокол түзүлдү жана атайын унаа токтотуучу жайга 3 скутер жана 1 кайык коюлду.

Текшерүү, көлдөгү коопсуздукту жогорулатуу жана суудагы кырсыктардын санын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Түшүндүрүү иштеринин учурунда, милиция кызматкерлери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү суу транспортунун ээлерине жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого багытталган белгиленген эрежелерди жана нормаларды сактоонун маанилүүлүгүн эскертүүдө.

Иш-чара уланууда жана ушул сыяктуу текшерүүлөр жайкы туристтик мезгил учурунда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button