Бишкекке жакын мектептер көмүр менен жылытуудан жылуулук насосторуна өткөрүлөт

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелери акырындык менен көмүр менен жылытуудан баш тартып, жылуулук насосторуна өтүп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Гүлнара Абдылдаева билдирди.
Анын айтымында, учурда жылуулук насостору үч мектепке жана эки бала бакчага орнотулган.
Мындай жабдууларды Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы дагы 30 мектепке орнотуу пландалууда. Кеп Бишкекке жакын жайгашкан калктуу конуштар тууралуу болууда. Долбоорду ишке ашыруу 2027-жылы башталат. Аны Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) каржылайт.
Гүлнара Абдылдаева ошондой эле 2024-жылдан бери Жаратылыш ресурстары министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырып жатканын белгиледи.
Бул максатта Кыргызстанга 50 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берилген. Каражаттын бир бөлүгү экологиялык жактан таза жылытуу системаларын, анын ичинде жылуулук насосторун киргизүүгө жумшалат.



