Бельгиядагы аномалдуу ысык миңдеген адамдардын өмүрүн алды

18-июндан 3-июлга чейин Бельгияда катталган аномалдуу ысык Европада эң көп адамдын өлүмүнө себеп болду. Бул тууралуу EuroMOMO өлүм көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө тармагы жана Бельгиянын Sciensano илимий-изилдөө институту билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мезгилде экстремалдуу ысыктан каза болгондордун саны кадимки деңгээлге салыштырмалуу 2 миң адамга же 48 пайызга көбөйгөн. Өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү 27-июнда катталып, бир суткада 651 адам көз жумган. Бул күн XXI кылымдагы эң көп өлүм катталган күндөрдүн бири болуп калды.
Ысыктан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн катарына Франция жана Нидерланд да кирди. Бул өлкөлөрдө өлүм көрсөткүчү тиешелүүлүгүнө жараша 23 пайызга жана 13 пайызга өскөн.
22–28-июнь аралыгында Европанын 27 өлкөсүндө ысыктан улам кеминде 10 650 адам каза болгон. Алардын 9 миңден ашыгы 65 жаштан жогорку адамдар болгон.Sciensano институтунун маалыматына ылайык, бул 2000-жылдан берки Бельгиядагы эң адам өмүрүн алган ысык толкуну болуп калды. Адистер муну ысыктын узакка созулушу, абанын өтө жогорку температурасы жана абадагы озондун концентрациясынын көбөйүшү менен түшүндүрүшөт. Өзгөчө калк жыш жайгашкан жана социалдык жактан аялуу райондордун тургундары көбүрөөк жабыркаганы белгиленди.
Мындан тышкары, Бельгияда суткалык өлүм көрсөткүчү COVID-19 пандемиясынан кийинки эң жогорку деңгээлге жетти. Буга чейин ушундай эле көрсөткүч 2020-жылдын 10-апрелинде катталып, анда бир суткада 675 адам каза болгон.



