Коом

Ысык-Көлдө унаа кыймылы чектелет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 30-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл облусундагы айрым унаа жолдорунда убактылуу кыймыл чектөөлөрү киргизилерин билдирди.

Чектөөлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапарларына жана «Борбор Азия – Азербайжан» саммитинин, ошондой эле Formula 1 H2O Кыргызстандын Гран-при – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдешинин өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Тактап айтканда, төмөнкү жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр болот:

  • «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу;
  • Балыкчы – Ананьево – Каракол (Ысык-Көлдүн түндүк жээги) унаа жолу, анда кыймыл маал-маалы менен токтотулуп турат.

Белгиленгендей, айдоочулар жана тургундар киргизилип жаткан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button