Коом

Өкмөт Сауд Аравиядан алган кредитке 27 мектеп куруп жатат

Кыргызстанда жыл соңуна чейин 27 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мектептер 2017-жылы макулдашылган долбоордун алкагында, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыяга курулууда. 27 мектептин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25,7 миллион долларды түзөт.

Анын алкагында төмөнкү аймактарда билим берүү мекемеси пайда болот:

  • Бишкек шаары — 3;
  • Ош шаары — 1;
  • Ош облусу — 5;
  • Чүй облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Нарын облусу — 3;
  • Баткен облусу — 3;
  • Талас облусу — 3;

Учурда 150 орундуу төрт мектептин курулушу бүткөрүлгѳн. Алар Нарын облусунун Бугучу айылында, Оштун Маданият жана Чек-Абад, Жалал-Абад дубанынын Кызыл-Ата айылдарында жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button