Коом

ЖКККББ ата-энелерди балдарга унаанын ачкычын бербөөгө чакырат

Май майрамдарынын жана «Акыркы коңгуроо» иш-чарасынын алдында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерге балдарыңыздарга унаанын ачкычын бербөөнү эскертет.

Дал ушул майрам күндөрү айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок балдар менен өспүрүмдөрдүн рулга отурган учурлары көп катталат. Көпчүлүк учурда ачкычтар балдарга ата-энелердин өз чечими же байкабастыгы менен тийип калат. Мындай аракеттер балдардын өз өмүрүнө жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат.

ЖКККББ ата-энелерге эскертет: рулдагы бала — бул ар дайым жогорку тобокелчилик жана күтүлбөгөн кесепеттер. Балдардын суранычы же майрамда кубантуу каалоосу жолдогу коопсуздукка коркунуч жаратпашы керек.

ЖКККББ ата-энелерди балдарга унаанын ачкычын такыр бербөөгө, балдардын убактылуу да рулга отуруусуна жол бербөөгө, унаа ачкычтарын балдар жетпеген жерде сактоого чакырат.

Эсиңизде болсун балдардын коопсуздугу ата-эненин жоопкерчилигинен башталат.

Май майрамдары жана «Акыркы коңгуроо» күндөрү балдарыңыздардын өмүрүн жана ден соолугун сактаңыздар.

Тектеш кабарлар

Back to top button