Коом
Россиядан жардам иретинде Ошко 15 вагон ун келди

Ош шаарына Россиядан жардам иретинде 15 вагон ун келди. Бул тууралуу РФтин түштүк калаадагы Башкы консулдугу билдирди.
Кезектеги жардам БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында жеткирилген.
1005 тонна унду консулдуктун кызматкерлери таратып беришти.



