Коом

Кыргызстандыктар быйыл 13,6 миллиард сомго чакан насыя алышкан

Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 262 миңден ашык кыргызстандык жалпы суммасы 13,6 миллиард сомду түзгөн микрокредиттерди алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Микрокредит алуучулардын эң көп саны Бишкек (50,2 миң), Ош (46,9 миң), Жалал-Абад (40,4 миң) жана Чүй (36,5 миң) облустарында жашайт.

Микрокредиттер кандай максаттар үчүн берилген?

керектөөчүлөрдүн керектөөлөрү — 49 пайыз;

айыл чарбасы — 24 пайыз;

соода — 12 пайыз;

транспорт жана байланыш — 3 пайыз;

курулушка — 3 пайыз;

башкалар — 8 пайыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button